МАМЛЕКЕТТИК СЫР – аскердик, тышкы саясий, экономикалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө ишмердиги жаатындагы мамлекет тарабынан коргоого алынган маалыматтар; анын таркап кетүүсү мамлекеттин коопсуздугуна залака келтириши мүмкүн.
МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ ЖАРЫЯЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздери менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштын бир түрү. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен, чоочун адамдардын ээ болушуна жол ачуу жосуну М. с. ж. катары түшүндүрүлөт. Аткарган ишинин же кызмат милдетинин мүнөзү боюнча ошол маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон жак чоочун адам катары таанылат. Мамлекеттик сырга жаткан маалыматтардын чет өлкөлүк чалгынчылардын колуна тийип, андан улам мамлекеттик иш-чаралардын үзгүлтүккө учуроосу, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн токтоп калуусу, өзгөчө тартиптеги объектилердин орун которушу ж. б. М. с. ж-нун оор кесепети болуп саналат.
МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ТУТУМУ – мамлекеттик жашыруун сырлардын сакталышын жана корголушун камсыз кылуунун КР мыйзамдары жана мамлекеттик бийлик органдарынын башка ченемдик актылары менен белгиленген бирдиктүү тартиби.
Система защиты государственных секретов (режим секретности)